• Image One
  • Image Two
  • Image Three
  • Image Four


ЦЕНТР БИОКУЛЬТУРНОГО РАЗНООБРАЗИЯ

 

КУЛАКТАНДЫРУУ!

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун демилгеси менен Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинде «Көчмөн кыргыздардын маданияты» музейи курулду.

Музей көргөзмөнүн максаты - XIX жана XX кылымдын башындагы көчмөн кыргыздардын маданиятын, чарба жүргүзүү өзгөчөлүктөрүн, тарыхый, салттуу дүйнө таанымын, материалдык жана руханий баалуулуктарынын маанисин ачып көрсөтүү, көчмөндөр жашоосунун ордун чагылдыруу болуп эсептелет.

Аталган музейдин ачылышы 2017-жылдын 6-сентябрына пландалууда.

Азыркы күндө музейге кыргыздын көчмөн маданиятын чагылдырган аңчылык, дыйканчылык, мал чарбачылык, кол өнөрчүлүк: түймөчүлүк, саймачылык, өрмөкчүлүк (таар согуу), кийиз иштетүү, килем токуучулук, чий согуу, чырмакчылык, куракчылык, тери иштетүү,устачылык (темир иштетүү), жыгач иштетүү, кырмачылык, улуттук байыркы эски кийимдер, идиш-аяк, үй буюмдары ж.б. жыйналууда.

Биомаданий ар түрдүүлүк борбору кыргыздын көчмөн маданиятынын сакталып калышына күйгөн жарандарга үйүңүздөрдө эскилиги жетип, бааланбай ар кайсы бурчта жаткан ата-бабалардын эски буюмдарын «Көчмөн кыргыздардын маданияты» музейине берүү өтүнүчү менен кайрылат. Көчмөн доорго тиешелүү буюмдарды музейге берүү менен Сиз кыргыз маданиятынын сакталып калышына чоң салым кошкон жана ата-бабаңыздан калган буюмдарга экинчи жашоо берген болосуз!

Сизден келген буюмдар кайсы кылымга таандык, ким колдонгон жана музейге ким тарабынан өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат табличкага жазылып, экспонаттын жанына коюлат.

Ошондой эле, буюмду алып келген адамга ыраазычылык үчүн чакан сый-акы берилет.

Бизге жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар Бишкек шаары, Медеров көчөсү 68 (Кыргыз улуттук университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин имараты, 108-кабинет) дарегине кайрылса болот.

Байланыш телефондору: 54-41-35; 0779 46-52-12; 0700 64-77-73 

НОВОСТИ
06.09.2017: Открылся Музей кочевой культуры
В Кыргызском Национальном Аграрном Униврситете им.К.И.Скрябина открылся Музей кочевой культуры кыргызского народа.  »


03.05.2017: Семинар по обсуждению разработки учебного пособия по пастбищепользованию, 2- 5 мая 2017 года
В эти дни проходит семинар по обсуждению разработки учебного пособия по пастбищепользованию »


01.11.2016: Центр посетила делегация из г.Мургаб, РТ
Делегация из 15 человек из г.Мургаб, РТ, пребывает КР »


07.10.2016: Э.Хамагановой, Руководителю программы ФК по ЦА присвоено звание Почетного профессора КНАУ
Решением Ученого совета КНАУ, Э.Хамагановой, Руководителю программы Фонда Кристенсена по ЦА, присвоено звание Почетного профессора КНАУ. »



ИНФОРМЕРЫ


Погода в Кыргызстане
 
Курс валют